Линктер

ишемби, 25-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 02:19

БШК: президент сунуштаган эки талапкердин бирөө гана шайланды


Депутаттардын добуш берүүсүнүн жыйынтыгында президент Роза Отунбаева тарабынан Боршайкомдун мүчөлүгүнө сунушталган Алмаз Асаналиевдин талапкерлиги колдоо таап, Журабай Мулажанов жетиштүү добуш топтой алган жок.

Эсептөө комиссиясынын төрагасы депутат Акылбек Султановдун жыйында жарыялаганы боюнча Асаналиевге макул 71, каршы 20 добуш берилсе, Мулажановду колдоп 34, каршы 60 добуш берилди. Президент БШК мүчөлүгүнө кайра дагы бир талапкерди сунушташы керек. (KKs)
XS
SM
MD
LG