Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Декабрь, 2023-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 11:34

Лондондо Д.Кэмерондун мурдагы жардамчысы камалды


Лондондо британ полициясы Дэвид Кэмерондун мурдагы жардамчысы Энди Коулсонду камакка алды. Премьер-министр бул иш атайын иликтене тургандыгын билдирди.

"Бизде сөз эркиндиги өтө маанилүү. Бул биздин демократия менен жашообуздун негизги бөлүгү. Бирок басма сөз эркиндиги мыйзамдан жогору турат дегенди билдирбейт", - деген Д.Кэмерон Британияда маалымат каражаттары кандайча ишмердүүлүк жүргүзүп жатканы көз жаздымда калганын айтты.

Мурда Энди Коулсон News of the World гезитинде иштеген. Аталган гезиттин кабарчылары 2005-жылкы Лондондогу жарылууда набыт болгондор, Ирак менен Ооганстанда көз жумган аскерлердин жакындарынын телефон сүйлөшүүлөрүн тыңшаган деген маалымат тарады.

Ишембиде News of the World гезитине ээлик кылган News International компаниясы гезит расмий жабылгандыгын жарыялады.

XS
SM
MD
LG