Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:14

Расмий Ашгабат: Абаданда жарылуу пиротехникадан чыккан


Бейшембидеги Абадан шаарында курал сактоочу кампадагы катуу жарылууну түркмөн өкмөтү "салют" деп түшүндүрдү. Тышкы иштер министринин билдирүүсүндө "шаардын сыртында атайын жайда күндүн ысыктыгынан пиротехника жарылды" деп айтылып, эч кандай зыян болбогондугу маалымдалат.

Буга чейинки көз карандысыз булактарда жарылууда Гүнөш кыштагы зыянга учурап, тургундар коопсуз жакка чыгарылганы кабарланган. "Түркмөн хроникасы" сайты жарылууда көп сандагы адамдар жабыр тартканын жазып чыкты. Абадан шаары баш калаа Ашгабаттан 20 чакырым аралыкта жайгашкан.

XS
SM
MD
LG