Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:29

Түштүк Судан мамлекети түзүлдү


Түштүк Судандын желеги
Түштүк Судандын желеги
Өткөн түндөн бери Түштүк Судандын баш калаасы Жубада миңдеген адамдар өздөрүнүн мамлекетинин түзүлгөнүн майрамдап жатышат. Ошентип, Түштүк Судан республикасы дүйнөдөгү эң жаш мамлекет болуп калды. Ал быйыл январда өткөн референдумда Түндүк Судандан көз карандысыздык алган. Түндүк жана Түштүк Судандын ортосунда ондогон жылдарга созулган граждандык согушту токтотуу боюнча келишимге 2005-жылы кол коюлган.

Түндүк Судан Түштүктүн эгемендигин тааныган алгачкы мамлекет болгонуна карабай, экөөнүн ортосунда чек ара жана мунай боюнча дагы көптөгөн чечилбеген маселелер бар. Бүгүн Жубада өтүп жаткан майрамдык иш-чараларга катышып жаткан коноктордун арасында Бириккен улуттар уюмунун баш катчысы Пан Ги Мун да бар.

XS
SM
MD
LG