Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:54

АКШ Вашингтондогу сириялык дипломаттардын аракеттерине тынчсызданууда


Маалыматка караганда, Вашингтондогу тынч митингди сириялык дипломаттар фото жана видеого тартып алышкан. Буга тынчсызданган Мамдепартамент Сириянын АКШдагы элчиси Имад Мустафаны сүйлөшүүгө чакырганы айтылды.

Кечээ Сириянын бийлиги “АКШ бул өлкөнүн ички ишине кийлигишип жатат” деп билдирген болчу. Билдирүү Дамасктагы америкалык элчи Хама шаарында демонстрацияга чыккан оппозиционерлер менен жолуккандан кийин жасалган. АКШ болсо сынды четке кагып, элчинин жолугушуусу тууралуу сириялык бийликтерге алдын ала маалымат берилген деди.

Сириядагы активисттердин айтымында, жума күнү өлкөнүн бир топ шарларында жүз миңдеген эл президент Башар ал-Ассаддын кызматтан кетишин талап кылган демонстрацияга чыкты.

XS
SM
MD
LG