Кечээ Түштүк Судандын баш калаасы Жубада миңдеген адамдар өздөрүнүн мамлекетинин түзүлүшүн майрамдашты. Ошентип, Түштүк Судан республикасы дүйнөдөгү эң жаш мамлекет болуп калды. Жаңы мамлекетти Евробиримдик, АКШ, Британия, Канада, Орусия жана Түркия таанышканын билдиришди.
Түштүк Судан быйыл январда өткөн референдумда Түндүк Судандан көз карандысыздык алган. Экөөнүн ортосунда ондогон жылдарга созулган граждандык согушту токтотуу боюнча келишимге 2005-жылы кол коюлган болчу. Түндүк Судан Түштүктүн эгемендигин тааныган алгачкы мамлекет болгонуна карабай, экөөнүн ортосунда чек ара жана мунай боюнча дагы көптөгөн чечилбеген маселелер бар. Жубада өткөн майрамдык иш-чараларга катышкан коноктордун арасында Бириккен улуттар уюмунун баш катчысы Пан Ги Мун да болду.