Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:25

БШК президентти шайлоо боюнча документтин үлгүсүн бекитти


Борбордук шайлоо комиссиясы президентти шайлоо боюнча документтеринин формалары менен үлгүлөрүн бекитти. Бул тууралуу БШКнын басма сөз кызматы кабарлады. Ошондой эле шайлоо комиссияларын түзүүнүн жана таратуунун тартиби жөнүндө жобосу бекитилди.

Жыйында Жогорку Кеңештеги “Республика” фракциясынын депутаты Алтынай Өмүрбекованын депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу боюнча арызы каралып, канаатандырылды. Маалыматка ылайык Өмүрбекова депутаттык ыйгарымдар менен төп келишпеген ишке өткөндүгүнө байланыштуу ушундай арыз менен БШКга арыз берген. Анын ордуна БШК аталган партиянын тизмесиндеги Шаршенбек Абдыкеримовду каттап, депутаттык күбөлүк жана төш белгисин тапшырды. (КЕ)

XS
SM
MD
LG