Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:10

Башкы прокуратура Кулматов боюнча түшүндүрмө берди


Башкы прокуратура "Бажы кызматынын башчысы Кубанычбек Кулматовдун кызматка келишинде мыйзамсыз жагдайдайлар жок экенин аталган орган тастыктады" деген айрым кабарларды четке кагууда. Бул маалыматты Башкы прокуратуранын басма сөз катчысы Талант Конокбаев “Азаттыкка” тастыктады. Башкы прокуратура Кулматовдун кош жарандуулугу боюнча чынында эле текшерүү жүргүзгөн. Орусия Федерациясынан алынган расмий маалыматтар боюнча, Кулматов 2008-жылдын 30-апрелинде Орусиянын паспортун алган. "Конституциянын 52-беренеси боюнча Орусия паспортун алган жарандар саясий мамлекеттик кызматтарда иштөөгө укугу жок. 2011-жылдын 31-майында Москва шаардык Федералдык миграция кызматы Кулматовдун Орусия жарандыгын жокко чыгарганы белгилүү болду”, деп жазылат таратылган маалыматта.

Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Кубанычбек Кулматовдун Орусиянын жараны экени жөнүндө маселе парламентте апрель айында козголуп, аны териштирип карап көрүүнү депутаттар премьер-министрге тапшырган. Башкы прокурор кызматынан кеткен Кубатбек Байболов муну кайрадан айтып чыккандан кийин депутаттык комиссия иликтөө жүргүзүп, Кубанычбек Кулматовдун кош жарандыгы бар экенин аныктаган. 7-июлда өкмөттүн аппараты анын кызматка келишинде мыйзамсыз жагдайлар жок деп тапканын маалымдаган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG