Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:22

Үч облустун студенттери Ысык-Көлдө эс алат


Бүгүн аталган аймакта жашап, окуган ар кайсы улуттан турган 100 студент Ысык-Көлгө эс алуу үчүн жөнөп кетти. Бул тууралуу “Азаттыкка” Жаштар иштери боюнча министрликтин басма сөз катчысы Нуржан Найзабекова кабарлады. Мыкты окуган, активдүү студенттерге эс алуу уюштуруу менен ар кайсы улуттагы жаштардын ынтымагын бекемдөө демилгеси аталган министрлик менен “Жаштар келечеги” фонду тарабынан көтөрүлгөн.

Ош, Баткен жана Жалал-Абаддан барган 100 студент үчүн төрт күнү бою ар кандай мелдеш, сынактар, маданий иш-чаралар уюштурулат. Ушундай эле программа менен буга чейин 600гө чукул студент Ысык-Көлдө эс алып келген. (КЕ)

XS
SM
MD
LG