“New York Times” гезити Вашингтондогу аты аталбаган үч мартабалуу расмий өкүлгө шилтеме жасап, АКШ Пакистандын терроризмге каршы күрөшүнө ичи чыкпай жатканын жазды. Ошондуктан Исламабадга жөнөтүлчү 2 млрд.доллар жардамдын ичинен 800 млн.долларды азырынча бербей турушу мүмкүн экени айтылууда. Ошол эле расмий өкүлдөр “Эгерде Исламабад козголоңчуларга күрөшүн кайра күчөтсө, финансылык колдоо баары бир жиберилээрин” кошумчалашкан.