Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:05

№3 колониядагы чатак боюнча кылмыш иши козголду


Жазык аткаруу кызматынын басма сөз катчысы Жолдошбек Бусурманкуловдун “Азаттыкка” маалымдаганы боюнча, №3 колонияда бир нече кишинин пикир келишпестигинен чатак чыккан, ал өз убагында жөнгө салынган. Басма сөз катчысы бул окуяга байланыштуу кылмыш иши козголуп, күнөөлүү деп саналгандар убактылуу камоочу жайга киргизилгенин маалымдады. Ал эми жабырланган төрт киши түрмөнүн ооруканасына жаткырылган. Ушул тапта кырдаал толук көзөмөлгө алынып, түрмөнү кайтаруу күчөтүлдү, деп билдирди Жолдошбек Бусурманкулов.

10-июлда №3 түрмөдө чатак чыгып, төрт киши катуу жабыркаган. Айрым серепчилер мындай чатак аталган түрмөдө бир нече жолу кайталанганын, бийлик тарабынан аны токтотуу аракеттери көрүлбөй жатканын айтышууда.(ZKo)

XS
SM
MD
LG