Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:50

“Атлантик” Эл аралык космостук станция менен чиркешти


Кошмо Штаттардын “Атлантик” кемеси Эл аралык космостук станция менен чиркешти. АКШнын космостук программасынын алкагында акыркы ирет учуп жаткан “Атлантик” орбиталдык станцияга керектүү заттарды, анын ичинде 4 тоннадан ашык азык-түлүк жана тетиктерди алып барды.

Кеме жети күндүк миссиясын бүткөндөн кийин АКШнын Космостук агенттиги - НАСАнын башка көп баскычтуу кемелери сыяктуу экинчи пайдаланылбайт. Андан соң орусиялык жүк тартуучу кемелер колдонула баштайт. Кошмо Штаттар аалам койнуна биринчи ирет көп баскычтуу космостук кемени 1981-жылы учурган.

XS
SM
MD
LG