Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:43

Атамбаев Путинге көңүл айтуу телеграммасын жолдоду


Премьер-министр Алмазбек Атамбаев өз телеграммасында «Булгария» кемесинин кырсыкташына байланыштуу Орусия өкмөт башчысына көңүл айтып, Кыргызстан эли Волга дарыясына чөгүп кеткен кемеде набыт болгондордун жакындарынын азасын тең бөлүшөрүн, ал эми кырсыктан жаракат алгандарга тезирээк айыгып кетүүсүнө тилектеш экендигин билдирген.

Кыргыз өкмөт башчысы ушундай эле көңүл айтуусун Татарстандын президенти Рустам Миннихановго да жолдоду деп маалымдайт өкмөттүн басма сөз кызматы.

200 жүргүнчүсү бар «Булгария» кемеси 10-июль күнү Волга дарыясына чөгүп кеткен. Алардын ичинен 80 киши куткарылып, 41 адамдын сөөгү табылган, калгандары дайынсыз. Өлгөндөрдүн арасында 5 жаш бала бардыгы айтылууда.(ZKo)

XS
SM
MD
LG