Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Октябрь, 2026-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 00:13

Ошто эки кызматкер пара алып жаткан жеринен кармалды

ИИМдин басма сөз кызматы маалымдагандай, Ош шаардык санитардык-эпидемиологиялык станциянын кызматкери миң сом пара алып жаткан жеринен милиция кызматкерлери тарабынан кармалган. Ошондой эле Ош шаардык электр энергиясын сатуу мекемесинин кызматкери керектөөчүдөн 4 миң сом пара алып жаткан жеринен колго түшкөн.

Улуттук коопсуздук кызматы Эсеп палатасынын мамлекеттик инспектору жеке ишкана ээсинен 10 миң доллар талап кылганы аныкталып, 5 миң доллар алып жаткан жеринен кармалганын кабарлады. (ZKo)
​
XS
SM
MD
LG