Латвияда «Кыргызстан кыска метраждуу тасмалар өлкөсү» аттуу долбоордун бет ачаары өтөт. Тасмалар «Музыка жана кино» деп аталган эл аралык кинофестиалдын алкагында коюлуп, ага ондогон жаштардын тасмалары сунушталууда. Ал эми кинорежиссер Актан Арым Кубаттын «Свет акеси» фестивалга өзүнчө номинация менен катышат. Эл аралык бул фестивалдын калыстар тобунда кинематографисттер союзунун төрагасы Садык Шер да бар.