Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:41

Вена Казакстандын мурдагы элчисине иш козгоду


Австрияда Казакстандын мурдагы элчиси Рахат Алиевге каршы кылмыш иши козголду. Австрия прокуратурасынын маалыматына караганда июлдун башынан бери териштирүү жүрүп жатат. Алиев эки банкирди уурдап кеткен, өлтүргөн деп айыпталууда. Казакстан буга чейин ар кандай айыптардын негизинде жалпысынан кырк жылдан ашык жаза чектеген. Буга чейин казак бийлиги Австрия өкмөтүнө Алиевди кайтарып берүү сунушу менен эки ирет кайрылган. Австрия булактары Рахат Алиевдин кайда экендиги тууралуу маалымдар эмес экендигин айтууда.

XS
SM
MD
LG