Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:59

Түштүктөгү экономиканы калыбына келтирүү боюнча талкуу өтүүдө


Бүгүн АКШнын Эл аралык өнүктүрүү агенттигинин колдоосунда Борбор Азия университети Кыргызстандын түштүгүндөгү экономиканы калыбына келтирүү жөнүндө талкуу өткөрүүдө. Бул тууралуу АКШ элчилигинин басма сөз кызматы билдирди.

Анда “Кыргызстандын келечеги жеке ишкерлердин көз карашы менен” аттуу отчет талкууга коюлат. Отчетто Борбордук Азия университети тарабынан былтыр Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарындагы жеке ишкерлерге болгон сурамжылоолордун жыйынтыктары камтылган.

Иш-чара алкагында түштүктөгү бизнести өнүктүрүүдөгү тоскоолдуктар жана келечектеги экономикалык өнүгүүнүн потенциалдуу мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө талкуулар өтөт. (EK)

XS
SM
MD
LG