Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:58

Президент БШКнын жаңы курамы менен жолукту


Президент Роза Отунбаева бүгүн БШКнын жаңы курамы менен жолугуп, алдыдагы президенттик шайлоо өтө кызуу атаандаштык менен өтөөрүн белгиледи. Андыктан өлкө башчысы БШКдан шайлоо соңунда талаш-тартыш, мүчүлүштүктөргө жол бербегидей дыкат даярданууга чакырды.

Өз кезегинде Боршайкомдун жаңы курамы мыйзамга таянып шайлоону таза жана ачык уюштуруу үчүн болгон аракеттер көрүлөөрүнө ишендирди. БШКнын жаңы мүчөлөрү өлкө башчысына кеңсе имаратынын тардыгын айтып, бул жаатта маселени тез арада чечип берүүнү өтүнүштү.

Боршайкомдун жаңы курамы өткөн жумада толук куралып, төрагалыгына Туйгунаалы Абдраимов шайланган. (EK)

XS
SM
MD
LG