Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:16

Кыргыз бүлөсүн Чеченстан президенти конокко чакырды


Бишкектик Ырыспаевдердин үй-бүлөсү ушул ишемби күнү чечен президенти Рамзан Кадыровдун чакыруусу менен Чеченстанга жөнөп кетет. Бакыт Ырыспаев 7-апрель күнү уулдуу болуп, атын Рамзан койгон экен.

3 айлык Рамзандын таятасы Бейшен Алыкулов бул туурасында чечен президенти Рамзан Кадыровго кат жазган. Чечен өлкө башчысы буга жооп кылып Ырыспаевдердин үй-бүлөсүн конокко чакырган. Эртең Манас айылында президентке тартуу кылына турган боз үйдүн көрсөтмөсү уюштурулуп, ага ММК өкүлдөрү чакырылууда. Бул тууралуу "Азаттыкка" Акыйкатчы институтунан кабарлашты. Акыйкатчы Турсунбек Акун бул үй-бүлөгө чечен тарап менен байланышууга көмөктөшкөн.

Быйыл 7-апрелде Чеченстанда президенттик шайлоо өтүп, анда президент Кадыров экинчи жолу жеңип чыккан эле. (EK)

XS
SM
MD
LG