БШКнын календардык планына ылайык, президенттик шайлоого ат салышуучу талапкерлерди тандоо аяктаган соң, 40 күн ичинде талапкерлер мамлекеттик тил сынагынан өтүшөт. 25-сентябрдан 29-октябрга чейин үгүт иштери болот.
Боршайкомдун басма сөз кызматы азырынча бир да талапкерден президенттик шайлоого катышуу үчүн арыз түшө электигин маалымдоодо.
12-июлда "Бүтүн Кыргызстан" жана "Жашылдар" партиялары өздөрүнүн талапкерин аныкташкан. Мурдараак "Ар-намыс" партиясы да күзүндө өтүүчү президенттик шайлоого ат салышуучу талапкерин чыгарган эле, бирок бул партия мүчөлөрүнүн пикир келишпестигин жаратканы айтылууда. (ZKo)