Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:51

Бүгүн 7-апрель окуясы боюнча сот уланат


Анда сот айыпталуучулардын бири, мурдагы коргоо министри Бактыбек Калыевди үй камагына чыгаруу тууралуу анын адвокатынын арызын карайт. Мындан тышкары жабырлануучулардын көрсөтмө берүүсү уланат.

2010-жылдын 7-апрелинде болгон кан төгүүгө байланыштуу соттук териштирүү 20-июндан бери кечээ жанданган. Бирок сот процесси жабырлануучулардын сотко келбегендигине байланыштуу бүгүнкүгө жылдырылды. Жабырлануучулардын адвокаты алардын келбегенин апрель окуясында ок жеген Аваз Кадыровдун каза тапканы менен байланыштырды.

2010-жылы 7-апрелде элге ок аткан, ок атууга буйрук берген деген айып менен 28 киши соттолууда. Алардын ичинен мурдагы президент Курманбек Бакиев баштаган алты кишиге эл аралык издөө жарыяланган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG