Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:01

Франция Ооганстандан 1000 аскерин чыгарып кетет


2012-жылдын аягына чейин Ооганстандан франциялык миңге жакын аскер чыгарылат. Бул тууралуу Франция президенти Николя Саркози Ооганстанда иш сапары учурунда билдирди.

Эл аралык коопсуздук күчтөрүнүн курамында Франциянын төрт миң аскери Ооганстанда кызмат кылат. АКШ президенти Барак Обама жыл этегине чейин 10 миң, келерки жылдын сентябрына чейин 23 миң америкалык аскер чыгарылып кетерин жакында жарыялаган.

XS
SM
MD
LG