Нарын шаарында облустук музыкалык академиялык драма театрдын жыйырмадай артисти театрдын жетекчиси Абдыкадыр Жакшылыковдун, көркөм жетекчи Дамира Баратбаеванын жана маданият министринин кызматтан чегинүүсүн талап кылышууда. Акцияга катышкан театрдын артисти Бактыбүбү Каамытованын “Азаттыкка” билдиришинче, чогулгандар "жетекчилик кызматкерлерге орой мамиле жасап, айлык акыларды туура эмес бөлүштүргөн" дешүүдө.
Театрдын жетекчиси Абдыкадыр Жакшылыков мындай айыптоолорду четке кагып, артисттердин талаптары негизсиз экендигин “Азаттыкка” билдирди. (ErB/KKs)
Театрдын жетекчиси Абдыкадыр Жакшылыков мындай айыптоолорду четке кагып, артисттердин талаптары негизсиз экендигин “Азаттыкка” билдирди. (ErB/KKs)