Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:55

Кыргызстандык эки ырчы “Жаңы толкун” сынагына катышат


Латвиянын Юрмала шаарында өтө турган “Жаңы толкун” сынагына Кыргызстандын атынан Арсен Жумабеков жана Айбек Замиров аттуу ырчылар катышууга мүмкүнчүлүк алды. Бул тууралуу Арсен Жумабековдун продюсери Миргүл Эсеналиева “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, эки ырчы тең төрт тандоо турунан ийгиликтүү өтүп, бүгүн Юрмала шаарына учуп кетет. Кыргызстандык делегацияны ырчы Өмүрбек Андарбеков жетектеп барат. “Жаңы толкун” конкурсу Латвияда 26-июлда башталып, 31-июлга созулат. (KKs)

XS
SM
MD
LG