Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:07

Кандагарда губернаторго кол салуу болду


Гилманд провинциясынын губернатору Кандагар шаарына президент Карзайдын иниси Ахмад Вали Карзайдын тажыясына бараткан маалда жардыруу болду. Анда 2 аскер жарадар болуп, губернатор жабыр тарткан жок.

Жолдон окчунураак жерде америкалык аскерлер эки мина таап, жок кылышты. Шаршембиде миңдеген адамдар чогулуп, провинциялык кеңештин башчысы Ахмад Вали Карзайдын сөөгү жерге берилди. Анын башында президент Карзай өзү турду.

Президенттин инисин шаршембиде өз үйүндө жак сакчысы атып салган.

XS
SM
MD
LG