Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:19

Түркмөн оппозициясы кайтып баруу ниетин билдиришти


Чет жердеги түркмөн оппозициясы өз өлкөсүнө кайтып баруу ниетин билдирди. Венада жашаган Түркмөнстан республикачылар партиясынын лидери Нурмухамед Ханамов жана анын кесиптеши Худайберди Оразов өз өлкөсүнө кайтып, демократияны орнотуу максатын көздөгөн саясий иштерге аралашуусу үчүн бийлик тарабынан алардын коопсуздугу камсыздалышын каалашат. Түркмөнстандык бул эки оппозициячы 2002-жылы ал кездеги президент Ниязовду жок кылуу аракеттерине катышкан деп, сыртынан соттолушкан. Түркмөнстан президенти Гурбангулы Бердымухамедов жергиликтүү телеберүү аркылуу келерки жылы өтө турган президенттик шайлоого катышууга оппозицияны чакырган.

XS
SM
MD
LG