Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:02

Түркия эскертүү жасады


Түркия Кипрдин Евробиримдикти башкаруусуна каршы эскертүү жасады. Эгер 2012-жылга чейин Кипр маселеси чечилбесе жана Евробиримдикке төрагалык милдети Кипрге жүктөлсө, Түркия Евробиримдик менен мамилени токтотот деп билдирди Тышкы иштер министри Ахмед Давудоглы.
Министрдин Еврокомиссиянын башчысы Штефан Фюленин Анкара сапары учурунда билдиргенине караганда грекиялык киприоттор Анкара менен сүйлөшүүнү кайра жандандырууга шашпаса төрагалыкты алса, аралда жана ЕБ менен Түркия ортосунда туңгуюк жагдай түзүлөт. 1974-жылы экиге бөлүнгөн Кипр Грекия менен Түркиянын карамагында калган. Түркия тарабындагы Түндүк Кипрди бир да өлкө тааный элек. Кипрдин атын эл аралык деңгээлде алып жүргөн Түштүк Кипр Түндүк Кипр маселесин чечмейинче ЕБке алынбайт деп келатат.

XS
SM
MD
LG