Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:01

Мумбайда жардырууларда кеминде 21 киши мерт болду


Мумбай шаарындага жардырууларда кеминде 21 киши мерт болгону, 140тай киши жарат алганы кабарланды. Шаршемби күнү кечинде бир учурда үч жерде жардыруу болгон. Индия бийликтери муну террорчулардын уюшулган чабуулу жана Индия эгемендигине коркунуч келтирген чакырык деп аташты. БУУнун Коопсуздук Кеңеши, АКШ президенти (Барак Обама) бул окуяны катуу айыпташты. АКШ мамлекеттик катчы Хиллари Клинтон "Бөлүнүп-жарылууга жана коркунучка түрткөн бул зомбулукту айыптайбыз. Муну жасагандар өз максатына жетишпей турганын билиши керек" деди.
Пакистан президенти менен премьер министри да (Асиф Али Зардари, Реза Гилани) кабатырлануусун билдиришти. Жардыруулар үчүн эч ким жоопкерчиликти алган жок. Нью-Дели бул окуя үчүн Пакистанда үйрөтүлгөн согушкерлерди айыптап жатат.

XS
SM
MD
LG