Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:43

Президенттин уулу туристтерди чек арада тосуп алат


Президент Роза Отунбаеванын уулу Атай Садыбакасов менен депутат Ширин Айтматова Кыргызстанга келе жаткан чет өлкөлүк туристтерди чек арада тосуп алып, аларга туристтик жайлар тууралуу баракчаларды таркатууну көздөшүүдө. Бул тууралуу Ширин Айтматова “Азаттыкка” билдирип, алгачкы акцияны ушул ишемби күнү казак-кыргыз чек арасындагы “Ак-Жол” өткөрмө бекетинде өткөрүү белгиленип жатканын ачыктады. Анын айтымында, мындай акция Кыргызстанга чет өлкөлүк туристтердин көңүлүн буруу жана аларга маалымат берүү максатын көздөйт:

“Алгач Атай Садыбакасов мага ушундай сунушу менен кайрылды. Мен макул болдум. Бул акция ийгиликтүү өтсө, алдыда дагы уланышы мүмкүн”, - деди Ширин Айтматова. (KKs)

XS
SM
MD
LG