Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:15

Чек арага жакын жашагандарга акысыз юридикалык кеңеш берилди


6-июлдан 14-июлга чейин ЕККУнун Бишкектеги борборунун колдоосу менен Ош жана Жалал-Абад облустарынын чек арага жакын жайгашкан аймактарында акысыз юридикалык кеңештер өткөрүлдү. ЕККУнун Бишкектеги өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, бул иш-чаранын алкагында Кара-Суу, Араван жана Сузак районунун жүздөн ашык жашоочулары юристтерден акысыз кеңеш алышты. Мындай юридикалык кеңеш Чек ара кызматынын, милиция бөлүмдөрүнүн кызматкерлерине да берилди.

Бул долбоор чек арага жакын жашаган тургундарга мыйзамдын алкагында соода-сатык ишмердигин жүргүзүүгө жардам берүү максатын көздөйт.

Иш-чара ЕККУнун Бишкектеги борбору, Ош жана Жалал-Абад облустарынын администрациясы, Кыргызстандын Чек ара кызматы, “Фергана өрөөнүнүн чек арасыз юристтери” жана “ Жактоочулардын эл аралык үйү” уюмдарынын катышуусунда өткөрүлдү. (KKs)

XS
SM
MD
LG