Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:04

Красная Речка айылында Будданын айкели табылды


Кыргыз-орус археологиялык иликтөөсүнүн натыйжасында Бишкектен алыс эмес жайгашкан Красная Речка айылынын чыгыш тарабында Будданын айкели табылды. Бул тууралуу "Азаттыкка" Кыргызстандын Улуттук илимдер академиясынын Тарых жана маданий мурастар институтунун кызматкери Валерий Кольченко билдирди. Маалыматка ылайык, 8-9-кылымдарга таандык болгон бул табылга айылдагы бир дөңсөөнү казуу учурунда табылган:

“Ал жерде “лотос” кейпинде отурган Будданын статуясынын бир бөлүгү табылды. Скульптуранын бийиктиги орто эсеп менен адам боюнан бир жарым, эки эсеге чоң. Будданын белден өйдөкү бөлүгү сакталып калган. Калган бөлүгү сынган абалда статуянын маңдай жагынан табылды”,-деди Кольченко.

Маалыматка ылайык, учурда бул статуя толук казылган жок. Аны толугу менен казып, калыбына келтирүү иштери кийинки жылы жүргүзүлмөкчү. (KKs)

XS
SM
MD
LG