Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:13

Сүргүндөгү казак ишкери Британиядан баш паанек алды


Казакстандын БТА банкынын мурдагы төрагасы Мухтар Аблязовго саясий качкын макамы берилгенин "Азаттыкка" банктын мурдагы президенти Роман Солодченко билдирди. Саясий макам сураган арызында Аблязов мекенине кайтса, куугунтукка кабылаарын жазган эле. БТА банкы азыр Аблязовдон британ соту аркылуу 4 миллиард доллар өндүрүп алууга аракет кылууда.

Казакстандын Баш прокуратурасы январ айында Британиядан Аблязовду чыгарып берүүнү сураган эле. Авлязов президент Нурсултан Назарбаевди, анын жакындарын жана бир катар башка өкмөт өкүлдөрүн ири коррупциялык иштерде айыптаган эле.

XS
SM
MD
LG