Ооганстанда жанкечти президент Хамид Карзайдын киши колдуу болгон инисине куран окулуп жаткан мечитте өзүн жардырды. Өлкөнүн түштүгүндөгү Кандагар шаарындагы мечиттеги жардыруудан төрт киши каза таап, 13 киши жараат алды. Курмандыктардын арасында мечиттин имамы Маулави Хекматулла Хекмат да бар. Ал аралыкта Пакистанда Ооганстан менен чек арага жакын жердеги үй жардырылып, төрт киши набыт болду.