Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:24

Шайлоого катышуу ниетин 5 талапкер расмий билдирди


Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Жеңиш Акматов “Азаттыкка” кабарлады. Анын айтымында, президенттикке талапкер катары “Бүтүн Кыргызстан” партиясынан Адахан Мадумаров, “Ата Журттан” Камчыбек Ташиев, “Жашылдар” партиясынан Эркин Бөлөкбаев көрсөтүлдү. Мындан тышкары буга чейин Жогорку Соттун судьясы болуп келген Барктабас Азимкулов менен Өзгөн районун мурдагы акими Расул Жолдошев өзүн өзү көрсөтүштү.

Маалыматка ылайык, алгач БШК талапкерлердин ыйгарым өкүлдөрүн каттайт. Бул өкүлдөр Боршайком менен түздөн-түз иштешип, талапкер тууралуу керек болгон документтерди БШКга тапшырат. Бүгүн Камчыбек Ташиевдин атайын өкүлдөрү каттоодон өттү.

Мыйзамга ылайык, президенттик шайлоого катышууну каалаган талапкер 30 миң кол топтоп, катталганга чейин БШКга 100 миң сом төлөшү керек. (KKs)

XS
SM
MD
LG