Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Октябрь, 2023-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:36

Ош – Баткен жолундагы кырсык үч адамдын өмүрүн алды


Чукул кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, 14-июлда кечке жуук Ош – Баткен – Исфана жолунунун 92 километринде “Мерседес” үлгүсүндөгү микроавтобус кырсыкка учурап, 3 аял каза болду. Мындан тышкары 16 киши жараат алышты.

Алдын ала маалыматтар боюнча Ош – Айдаркен багытында жүргүнчү ташыган автобус жолдон чыгып, тегеренип кеткен. Жабыркагандар Кызыл-Кыя шаарындагы ооруканага жеткирилди. Учурда каза болгон адамдардын кимдиги такталууда. (KKs)

XS
SM
MD
LG