Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Октябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:00

БШК эки талапкердин атайын өкүлдөрүн каттады


Бүгүн Борбордук шайлоо комиссиясы президенттикке талапкерлигин койгон Адахан Мадумаров менен Барктабас Азимкуловдун экиден ыйгарым өкүлдөрүн каттады. Бул тууралуу БШКнын басма сөз кызматынан кабарлашты. Натыйжада атайын өкүлдөрү катталган президенттикке талапкерлердин саны үчкө жетти. Кечээ Камчыбек Ташиевдин ыйгарым өкүлдөрү каттоодон өткөн болчу.

Алгач БШК талапкерлердин ыйгарым өкүлдөрүн каттайт. Бул өкүлдөр Боршайком менен түздөн-түз иштешип, талапкер тууралуу керек болгон документтерди БШКга тапшырат.

30-октябрга белгиленген президенттик шайлоого катышуу ниетин беш талапкер расмий билдирди. Комиссиянын мүчөсү Жеңиш Акматовдун 14-июлда “Азаттыкка” билдиргени боюнча, президенттикке талапкер катары “Бүтүн Кыргызстан” партиясынан Адахан Мадумаров, “Ата Журттан” Камчыбек Ташиев, “Жашылдар” партиясынан Эркин Бөлөкбаев көрсөтүлгөн. Мындан тышкары буга чейин Жогорку Соттун судьясы болуп келген Барктабас Азимкулов менен Өзгөн районун мурдагы акими Расул Жолдошев өзүн өзү көрсөтүшкөн. (KKs)

XS
SM
MD
LG