Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:22

Ак үйдүн колтугунда эки адам ачкачылык жарыялады


Баткен облусунун Ак-Турпак айыл өкмөтүнөн келгенин айткан Абдикарим Сатыбалдиев жана Жалал-Абаддын Ноокен районунун Достук айыл өкмөтүнүн тургуну, 88 жаштагы Токтомат Мүсүралиев Бишкектеги Ак үй имаратынын алдында ачкачылык жарыялаганын билдиришти. Алар өздөрү келген айыл өкмөттөрүндө коррупция күч алганын айтышып, жер бөлүштүрүү маселелери жең ичинен чечилип калганын, мындан улам акцияга чыгып жатышканын “Азаттыкка” кабарлашты.

Алар менен Жогорку Кеңештин депутаты Равшан Жээнбеков жолугушуп, тартип коргоо органдарына бул маселелерди иликтөө боюнча тапшырма берилерин ачыктады.

Ал эми доомат артылып жаткан Баткендин Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн башчысы Алтынбай Имаров мындай сындар негизсиз экендигин, жакында эле айыл өкмөттү атайын инспекция текшерип, эч мүчүлүштүк таппаганын “Азаттыкка” билдирди. (KKs)

XS
SM
MD
LG