Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:29

Бишкекте француз маданиятына арналган жолугушуу болот


Ишемби, 16-июлда Франциянын Кыргызстандагы элчилиги Бишкекте француз маданиятына арналган жолугушуу уюштурат. Ага катышууну каалагандар элчи Тибо Фуррьер менен баарлашып, француз тилинин ачык сабагына күбө боло алышат.

Андан тышкары балдар сүрөттөрүнүн сынагы, француз шараптарынын дегустациясы болот. Иш-чара жакында Бишкекте ачылган Орус китеп үйүндө өткөрүлөт. 14-июлда Франция улуттук майрамы - Бастилия күнүн белгилеген.

Франциянын Кыргызстандагы элчилиги 2010-жылы ачылган. (AA)

XS
SM
MD
LG