Волга дарыясына Татарстанда чөккөн “Булгария” кемесинин жүргүнчүлөрүнө жардам бербеген эки кеменин капитандары камакка алынды. Бул тууралуу Орусиянын федералдык тергөө комитетинин өкүлү Владимир Маркин маалымдады.
Тирүү калган жүргүнчүлөрдүн айтышынча, алар бир сааттан ашык убакыт жашоо үчүн күрөшүп жатканда эки коммерциялык кеме жардамга келбей кете берген. Орус маалымат булактары береги эки кеменин жүргүнчүлөрү сууга чөгүп бараткан адамдарды уюлдук телефон менен сүрөткө тартып жатышканын кабарлады.
10-июлда дарыяга чөккөн кемедеги 208 адамдын 114 набыт болгону тастыкталды. 15 киши дале табыла элек. 78 жүргүнчү аман калган.