Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:03

Ак үйдүн алдындагы ачкачылык акциясы уланууда


Баткен облусунун Ак-Турпак айыл өкмөтүнөн келгенин айткан Абдикарим Сатыбалдиев жана Жалал-Абаддын Ноокен районунун Достук айыл өкмөтүнүн тургуну, 88 жаштагы Токтомат Мүсүралиев Бишкектеги Ак үй имаратынын күн батыш тарабында бүгүн да ачкачылык акциясын улантышууда.

Алар беш күндөн бери ачкачылык жарыялап жатканын “Азаттыктын” кабарчысына билдиришти. Бул эки адам өздөрү келген айыл өкмөттөрүндө коррупция күч алганын айтышып, жер бөлүштүрүү маселелери жең ичинен чечилип калганын, мындан улам акцияга чыгып жатышканын айтышууда.

Кечээ алар менен Жогорку Кеңештин депутаты Равшан Жээнбеков жолугушуп, тартип коргоо органдарына бул маселелерди иликтөө боюнча тапшырма берилерин кабарлаган.

Доомат артылып жаткан Баткендин Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн башчысы Алтынбай Имаров мындай сындар негизсиз экендигин, жакында эле айыл өкмөттү атайын инспекция текшерип, эч мүчүлүштүк таппаганын “Азаттыкка” билдирген. Ал эми Ноокен районунун Достук айыл өкмөтүнүн жетекчилиги бул маселе боюнча азырынча комментарий бере элек. (KKs)

XS
SM
MD
LG