Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:22

Омск мунай иштетүүчү ишканасы Кыргызстанга бензин бере элек


Бул тууралуу “Азаттыкка” Кыргызстандын Нефтетрейдерлер ассоциациясынын жетекчиси Жумакадыр Акенеев билдирди. Анын айтымында, Казакстандын сунушу менен Орусиянын Омск мунай иштетүүчү ишканасы 1-июлдан бери Кыргызстанга күйүүчү май жиберүүнү токтотуп турат. Мындан улам өлкөдө бензиндин айрым түрлөрүнө 15-20 литрдик чектөө киргизилип, бензиндин баасында орто эсеп менен эки сомдун тегерегинде кымбаттоо байкалды:

“Газпром Нефть Азия” күйүүчү майды Омсктан алат. 1-июлдан баштап алар жүктөбөй жатат. Себеби өздөрүндө жана Казакстанда чоң тартыштык болуп, алар Бажы биримдигине кирген Орусия, Беларуска кайрылып, бизде тартыштык болуп жатат, бизге жүктөгүлө деп жатышат. Бажы биримдигинин чек арасынын ар жагына жүктөбөгүлө деп кайрылган. Ошондуктан 15 күндөн бери жүктөй элек”,-деди Акенеев.

Маалыматка ылайык, учурда Кыргызстанда он күнгө жете турган бензиндин запасы бар. Учурда Ысык-Көлдөгү туристтик сезонду үзгүлтүккө учуратпоо үчүн күйүүчү майдын негизги бөлүгү ал аймакка жумшалууда. Алдыңкы күндөрү Омск мунай иштетүүчү ишкана менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлмөкчү. (KKs)

XS
SM
MD
LG