Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:04

Баткендеги жол кырсык боюнча иликтөө жүрүүдө


14-июлда кечке жуук Баткендин Кадамжай районунда болгон автокырсыктын чоо-жайы иликтенүүдө. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги кабарлап, ушул тапта соттук-медициналык экспертизалар жүрүп жатканын билдирди.

ИИМдин маалыматы боюнча, бүгүн эртең менен Кызыл-Кыядагы ооруканада жараат алган дагы бир жүргүнчү каза болуп, жол кырсыктан каза болгондордун жалпы саны төрткө жетти. Дагы 15 адам Кызыл-Кыядагы ооруканада жатат.

Чукул кырдаалдар министрлиги буга чейин маалымдагандай, 14-июлда кечке жуук Ош – Баткен – Исфана жолунунун 92-чакырымында “Мерседес” үлгүсүндөгү микроавтобус жолдон чыгып кетип, кырсыкка учураган. Натыйжа үч киши мүрт кеткен. Өкмөт кырсыкка кабылгандарга жардам көрсөтүлөрүн кечээ билдирген болчу. (KKs)

XS
SM
MD
LG