Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:40

Казак айыпкерлеринин сөөгү туугандарына берилбей жатат


Балкаш шаарындагы жекшемби күнкү түрмөдөн качуу аракетинде окко учкан айыпкерлердин туугандарынын бири Рустам Саргашкаев бир тууганынын сөөгүн өлүкканадан таануу үчүн беш күндөн кийин кел деп айтышканын билдирди.

16 курмандыктын дагы биринин бир тууганы Бахреин Сертаев "Азаттыктын" Казак кызматына өлүктөр абдан барчаланып калгандыктан, кимдин ким экенин тааныш кыйын болуп жаткандыгын маалымдады.

Караганда облусунун Жаза өтөө системасын көзөмөлдөө комитети бул тууралуу маалымат берүүдөн баш тартышты. Ички иштер министрлигинин маалымат катчысы Жанатай Сембеков өлүктөр тууралуу маалыматы жок экенин билдирди.

Акыйкаттык министрлигине караганда, айыпкерлер коопсуздук кызматкерлери менен атышып, кийин катуу жарылуу болгондо набыт болушкан. Агенттиктер 16 курмандыкты "уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү" деп кабарлап жатышат.

XS
SM
MD
LG