Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:36

Жомокторго негизделген сценарийлерге сынак жарыяланды


Борбор Азия жана Корея өлкөлөрүнүн уламыш, жомоктору жана баатырдык эпосторуна негизделген сценарийлерге сынак жарыяланганын “Азаттыкка” кинотаануучу Гүлбара Төлөмүшова билдирди. Анын айтымында, бул сынак Борбор Азия жана Кореянын “Жомокчулук өнөр” аттуу комитети тарабынан уюштурулуп, 2-сентябрга чейин созулат.

Сынакка жөнөтүлө турган тасма, сериал, же мультфильмдердин сценарийлери элдик уламыштарга негизделген болушу шарт. Англис, орус же корей тилдеринин биринде жазылган сценарийлер интернет аркылуу Кореяга жөнөтүлөт.

“Катышуучулардын жаш өзгөчөлүгү, кесиби мааниге эмес. Жеңүүчүлөргө баалуу белектер берилет”,-дейт Төлөмүшова.

Сынак тууралуу толугураак маалыматты www.kyrgyzcinema.com, www.asiastoryroad.com сайттарынан алууга мүмкүн. (JCh/KKs)

XS
SM
MD
LG