Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:09

ЮНИСЕФ Сомали жарым аралында кургакчылык күч алып жатканын эскертти


Африканын чыгышындагы аймактагы бул кырдаал миллиондогон жапа тарткан адамдардын абалын дагы оорлотмокчу. ЮНИСЕФтин жетекчиси Энтони Лейт Африканын Мүйүзү деген аталыш менен белгилүү болгон бул аймакта акыркы эки жылда дээрлик жаан жаабагандыгын, Кения, Эфиопия жана Жибутинин миллиондогон тургундарынын күнүмдүк турмушу үзгүлтүккө учурап, миңдеген киши Сомалиден качууга мажбур болгонун билдирди.

Лейт бүгүн кабарчыларга келерки жылга чейин алымдуу түшүм алынбай тургандыгын, алдыдагы жарым жыл өтө кыйын болорун билдирди. Өткөн аптада ачарчылыкка кабылган балдар менен жаш балдарга жардам көрсөтүү үчүн ЮНИСЕФ эл аралык коомчулуктан 32 миллион доллар сурады.

XS
SM
MD
LG