Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:56

ОшТУ чет өлкөлүк студенттерин окуудан чыгарууга мажбур


Ош технологиялык университети бир катар чет өлкөлүк студенттерин окуудан чыгарууга аргасыз болуп жатканын “Азаттыкка” окуу жайдын биринчи проректору Кубанычбек Мансуровдун билдирди. Буга былтыркы июнь коогалаңынан кийин чет өлкөлүк студенттердин сабакка келбей жатышы жана окуу акысынын төлөнбөй калганы себеп болууда.

Маалыматка ылайык, коогадан кийин ОшТУга көбүнесе түркмөнстандык жана өзбекстандык студенттер кайтып келүүдөн баш тартышкан. Чет өлкөлүк студенттердин арасынан пакистандыктар гана учурда окуусун улантышууда.

Окуу жай жамааты бул жагдайды аталган өлкөлөрдө визанын берилбегени менен түшүндүрүшөт. (KKs)

XS
SM
MD
LG