Ысык-Көл облусунун Баят айылында ислам динин маалымат каражаттарында туура чагылдыруу боюнча журналисттер үчүн семинар жыйынтыкталды. Эки күндүк бул иш-чаранын алкагында Кыргызстандагы 15тен ашык жалпыга маалымдоо каражаттарынын журналисттерине ислам дини, аны чагылдыруунун жолдору жана динди террорчулуктан айырмалоо багытында сабактар өттү.
Журналисттер менен муфтияттын өкүлдөрү, теологдор ой бөлүшүп, Кыргызстанда дин темасы бир тараптуу чагылдырып жатканын белгилешти. Бул семинар Кыргызстан мусулмандар башкармалыгы жана Дүйнөлүк жаштар ассамблеясынын демилгеси менен өткөрүлдү. (KKs)