Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:51

Орусияда «Булгарияны» суудан алып чыгышат


Мындан бир жума мурда Татарстандын аймагында чөгүп кеткен саякат кемесин алып чыгууга ондогон сүзгүчтөр, эки эбегейсиз кран даярдыкка келтирилүүдө. Куткаруучулар 114 кишинин сөөгүн алып чыккан, дагы 15инин дайны табыла элек. Кемеде 200дөн ашык киши, көбүнчөсү балдар болгон. 79 киши аман калды. Өкмөт башчысы Владимир Путин кеме артык баш киши көптүгүнөн жана коопсуздук чаралары сакталбагандан чөгүп кеткенин билдирген.

XS
SM
MD
LG