Тышкы иштер министрлиги бул тууралуу нааразылыгын Вашингтонго да, АКШнын Бейжиндеги элчилигине да тапшырылгандыгын билдирди. Обама Тибеттин руханий лидери менен Ак үйдө кечээ жолугушкан. Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы бул жолугушуу Кытайдын ички ишине кийлигишүүгө тете болуп, кытай элинин сезимдерине гана эмес, Кытай-АКШ алакасына да сокку ураары айтылган билдирүү жарыялады.