Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:55

Ооганстанда президент Карзайдын кеңешчисин атып кетишти


Кечээ Жан Мухаммад Хандын Кабулдагы үйүнө куралчан адамдар чабуул коюп, аны өлтүрүп кетишкен. Чабуулда парламенттин бир депутаты Мухаммад Хашем Ватанвал да набыт болгону кабарланды. Аларды талиптер өлтүрүшкөнүн айтышты. Бир аптадай мурдарак президент Хамид Карзайдын инисин да атып кетишкен болчу. Кечээ өлкөдөгү НАТОнун күчтөрү коопсуздукту камсыздоо озуйпасын жергиликтүү ооган аскерлерине өткөрүп берүүнү башташкан. Бул процесс 2014-жылдын этегине чейин улантылмакчы.

XS
SM
MD
LG